ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 25 апреля 2023 года № 226 «Об утверждении Положения о страховом пуле обязательного страхования жилых помещений от пожара и стихийных бедствий»

Редакцияот 25.04.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 25-апрели № 226

Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

"Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесинин 1-бөлүгүн ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

1. Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруунун камсыздандыруу пулу жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2023-жылдын 12-майындагы № 38 (3487) жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров