ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров КР от 12 июля 2023 года № 347 «Об утверждении Перечня специальностей и количества бюджетных мест для приема на обучение в организации среднего профессионального образования на 2023-2024 учебный год»

Редакцияот 12.07.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 12-июлу № 347

2023-2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмегин жана бюджеттик орундардын санын бекитүү жөнүндө

 

"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. 2023—2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кесиптик орто билим берүү уюмдарында бюджеттик орундарга окутууга чыгымдар тиешелүү жылдарга республикалык бюджетте министрликтерге жана ведомстволорго каралган каражаттардын чегинде жүргүзүлсүн.

3. Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору кесиптик орто билим берүүнүн ведомстволук уюмдары боюнча 2023-2024-окуу жылына бюджеттик негизде билим алуучуларды кабыл алуу планын буйрук менен бекитсин.

4. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин-Тоо" газетасынын 2023-жылдын 25-июлундагы № 59 (3508) саны менен жарыяланды

 

Кыргыз Республикасынын

 Министрлер Кабинетинин

             Төрагасы

 

 

А.У.Жапаров

 

Тиркеме

2023—2024-окуу жылына кесиптик орто билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин тизмеги жана бюджеттик орундардын саны 

 

Шифр

Адистиктердин аталышы

Бюджеттик орундардын саны

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги

050303

Чет тил

40

050501

Кесиптик окутуу (тармактар боюнча)

20

050601

Музыкалык билим берүү

50

050704

Мектепке чейинки билим берүү

155

050709

Башталгыч класстарда окутуу

500

050711

Социалдык педагогика

20

050721

Дене тарбия

65

070602

Дизайн (тармактар боюнча)

25

070802

Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча)

10

070903

Скульптура

10

070907

Живопись

10

080106

Финансы (тармактар боюнча)

20

080107

Салык жана салык салуу

10

080110

Экономика   жана   бухгалтердик эсеп (тармактар боюнча)

20

080114

Жер-мүлктүк мамилелер

20

080403

Товар таануу жана керектелүүчү товарлардын сапатын экспертизалоо

15

110201

Агрономия

30

110301

Айыл чарбасын механикалаштыруу

10

110302

Айыл чарбасын электрлештирүү жана автоматташтыруу

60

110305

Айыл чарба продукцияларын өндүрүүнүн жана кайра иштетүүнүн технологиясы

30

110902

Ихтиология жана балык өстүрүүчүлүк

10

111102

Айыл чарбасындагы ишкердик

10

111201

Ветеринария

75

120101

Колдонмо геодезия

15

120301

Жерге жайгаштыруу

35

130305

Мунай жана газ кендерин иштетүү жана эксплуатациялоо

30

130403

Ачык кен иштери

15

130404

Пайдалуу казылмалар кендерин жер астында иштетүү

15

130504

Мунай жана газ скважиналарын бургулоо

20

140206

Электр станциялары, тармактар жана системалар

25

140212

Электр менен камсыздоо (тармактар боюнча)

60

140613

Электр жана электр-механикалык жабдууларды техникалык эксплуатациялоо жана тейлөө (тармактар боюнча)

15

150411

Өнөр жай жабдууларын жана сантехникалык түзүлүштордү монтаждоо жана техникалык эксплуатациялоо (тармактар боюнча)

20

151001

Машина куруунун технологиясы

25

190503

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (транспорттун түрлөрү боюнча, суу транспортунан тышкары)

45

190604

Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана ондоо

70

190605

Котөрүп-ташуучу, курулуш жол машиналарын жана жабдууларын техникалык эксплуатациялоо

25

190701

Транспортто ташууларды уюштуруу жана башкаруу (транспорттун түрлөрү боюнча аба транспортунан тышкары)

25

210406

Байланыш тармактары жана коммутациялык системалар

15

210407

Байланыш каражаттарын эксплуатациялоо

15

220206

Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (тармактар боюнча)

46

230108

Компьютердик системалар жана комплекстер (тармактар боюнча)

10

230109

Эсептөө техникаларын жана автоматташтырылган системаларды программалык камсыздоо

125

230110

Эсептөө техникаларынын жана компьютердик тармактардын каражаттарын техникалык тейлөө

20

230111

Компьютердик системаларды программалоо

30

230115

Компьютердик тармактар

25

250403

Жыгач иштетүүнүн технологиясы, эмеректер дизайны жана конструкциялоо

20

260202

Нан, кондитер жана акшак азыктарынын технологиясы

20

260204

Ачыткы   өндүрүү  жана  шарап жасоо технологиясы

20

260303

Сүт жана сүт азыктарынын технологиясы

35

260903

Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы

40

270103

Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо

60

270110

Ички сантехникалык түзүлүштөрдү жана желдеткичтерди       монтаждоо жана эксплуатациялоо

40

270206

Автомобиль         жолдорун жана аэродромдорду          куруу жана эксплуатациялоо

25

270301

Архитектура

45

270401

Нарктык инжиниринг

10

280201

Экология жана айлана-чөйрөнү коргоо

15

280401

Жсрлерди    мелиорациялоо, калыбына келтирүү жана коргоо

15

Экспер.

Гидротехникалык курулуш

15

Бардыгы:

2301

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги

060101

Дарылоо иши

275

060102

Акушердик иш

275

060104

Медициналык-профилактикалык иш

50

060107

Профилактикалык стоматология

50

060109

Медициналык айым иши

525

060110

Лабораториялык диагностика

150

060112

Медициналык массаж

10

Бардыгы:

1335

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги    

050723

Дене тарбия жана спорт

25

070102

Аспаптык   аткаруучулук (аспаптардын түрлөрү боюнча)

123

070104

Вокалдык искусство

24

070106

Хордогу дирижерлук

18

070109

Музыкалык эстрада искусствосу (түрлөрү боюнча)

12

070113

Музыка теориясы

9

070201

Актердук өнөр

24

070301

Балет искусствосу

40

070601

Дизайн

16

070802

Көркөм-колдонмо искусство жана элдик кол өнөрчүлүк (түрлөрү боюнча)

18

070907

Живопись

25

071202

Китепкана таануу

33

071402

Социалдык-маданий иштер (түрлөрү боюнча)

60

100105

Мейманканаларда жана туристтик комплекстерде тейлөөнү уюштуруу

8

Бардыгы:

435

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги

160901

Учуучу аппараттарды жана кыймылдаткычтарды техникалык эксплуатациялоо

20

160902

Учуучу аппараттарды күйүүчү-майлоочу материалдар менен тейлөө

20

160904

Электрлештирилген жана пилотаждык-навигациялык комплекстерди техникалык эксплуатациялоо

20

Бардыгы:

60

Жалпы 

4131