ПостановлениеДействует

Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 19 октября 2023 года № 560 «Об утверждении Соглашения о свободной торговле услугами, учреждении, деятельности и осуществлении инвестиций стран Содружества Независимых Государств, подписанного 8 июня 2023 года в городе Сочи»

Редакцияот 19.10.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

2023-жылдын 19-октябры № 560

 

2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн эркин сатуу, уюштуруу, иштөө жана инвестицияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

 

2023-жылдын 8-июнунда Сочи шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин өлкөлөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн эркин сатуу, уюштуруу, иштөө жана инвестицияларын жүзөгө ашыруу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги жогоруда аталган Макулдашууну ишке ашыруу үчүн жооптуу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине кабарласын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

Төрагасы

 

 

А.У. Жапаров