Постановление Атбашинского айылного кенеша от 18 января 2023 года № 136 «О выделении денежных средств с выше 30000 тысяч сомов на спортивные мероприятия»
Этот документ есть на русском языкеРусский
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он алтынчы сессиясы
2023-жылдын 18-январы № 136
Спорттук иш-чараларды өткөрүүгө 30000 миң сомдон ашык каражатты бөлүү жөнүндө
Атбашы айыл аймагынын спорттук иш чараларына катышууга 30000 миң сомдон ашык каражатты бөлүү жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап чыгып Атбашы айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛДЫ:
1. Спортту, маданиятты, жаштарды өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссия 30000 миң сомго чейинки акча каражатын бөлүү боюнча арыздарды Атбашы айылдык кеңешинин токтому жок отурумда карасын.
2. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмдүн карамагыма калтырам.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Д.Абыканова |