Постановление Атбашинского айылного кенеша от 8 февраля 2023 года № 137 «О принятии здания начальной средней школы с.Манас на баланс в Атбашинский а/о»
АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он жетинчи сессиясы
2023-жылдын 8-февралы № 137
Манас айылындагы башталгыч орто мектептин имаратын Атбашы айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу жөнүндө
Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысынын 02.07.2023 жылдагы №4 “Манас айылындагы башталгыч мектептин имаратын жалпы суммасы менен баланска кабыл алуу жөнүндө” арызын Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас айылындагы башталгыч орто мектептин 1 кабатындагы жалпы аянты 146,7 кв.м жана 2 кабатында 118,4 кв.м болгон имаратын Атбашы айыл өкмөтү баланска алсын.
2. Бул токтомдун аткарылышы Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрайымы |
Д.Абыканова |