ПостановлениеСтатус не указан

Постановление Атбашинского айылного кенеша от 6 апреля 2023 года № 139 «Об утверждении Устава инвестиционной ассоциации сельского сообщества»

Редакцияот 06.04.2023
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

АТБАШЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Атбашы айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз он сегизинчи сессиясы

2023-жылдын 6-апрели № 139

Атбашы айыл аймагынын айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациясынын Уставын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын 2021 жылдын 20 октябрындагы №123 Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 21,33-беренелерине ылайык жана айылдык коомчулуктун инвестициялык ассоциациасынын ишмердүүлүгүн Атбашы айылдык кеңешинин сессиясында карап жана талкуулап чыгып

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Атбашы айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2.  Чуй облусунун Сокулук районундагы Атбашы айыл аймагы АКИА нын уставдык ишмердүүлүгү үчүн чек ара катары аныкталсын.

3.  Бул токтом расмий сайтка жарыялансын.

4.  Бул токтомду каттоодон өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Атбашы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Э.Мусурманкуловго жүктөлсүн.

 

Айылдык

кеңештин төрайымы

 

Д.Абыканова