А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-3 «А.Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын Киров бөлүмүндө жайгашкан Бакиров Абдулланын менчиги болгон 300,00ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө» токтому
А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы
2023-жылдын 13-апрели № 16-3
А.Мирмахмудов айыл аймагынын Барын айылынын Киров бөлүмүндө жайгашкан Бакиров Абдулланын менчиги болгон 300,00ч.м. жер аянтынын пайдалануу багытын турак жай куруу үчүн өзгөртүү жөнүндө
А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагынын Барын айылынын Какыр-Сай бөлүмүндө жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-4889 болгон, 2002-жылдын 25-февралындагы №9 сан менен катталган, сериясы Ч № 768871 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде менчиги болгон жалпы 300,0ч.м.жер аянтын максаттуу багыты мончо болгондугуна байланыштуу, жергиликтүү жашоочулардын наразычылыктарынан улам, келечекте балдарына турак жай куруп жашоо үчүн аталган жердин багытын өзгөртүүгө мыйзам талаптарынын негизинде уруксат сурап айыл өкмөтүнө кайрылган, айыл өкмөтү бул маселени мыйзам чегинде чечүү үчүн айылдык кеңештин кароосуна киргизген.
А.Мирмахмудов атындагы айылдык кеңеши атуул Бакиров Абдулланын арызын карап чыгып, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 14-бөлүмү, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1гл. 1,2-пункуттарынын жана 6-беренесинин талаптарына таянып, А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы «Жер участокторун которуу жөнүндөгү» №145 мыйзамынын 20-беренесинин 1-пункутунун, Кыргыз Республикасынын «Жергилктүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 14-бөлүмү, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 1гл. 1,2-пункуттарынын жана 6-беренесинин талаптарына таянып жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
2. Барын айылынын «Киров» бөлүмүндө жайгашкан, идентификациялык коду; 5-05-14-1001-4889 болгон, 2018-жылдын 3-апрелиндеги №4380 сан менен катталган, сериясы Ч №768871 болгон Мамлекеттик Актынын негизинде Бакиров Абдулланын менчиги болгон, максаттуу багыты мончо жалпы 300,00ч.м.жер аянтынын пайдалануу багыты турак жай куруу үчүн өзгөртүлсүн.
3. Ушул токтом мыйзам чегинде аткарууга алынсын.
4. Токтомдун аткарылышы А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөт башчысы М.Нурматовго жана айыл өкмөтүнүн турак жай жана жерге жайга жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Араповго тапшырылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин тиешелүү туруктуу комиссиясына жүктөтүлсүн.
Төраганын м.а: | А.Ашиева |