ПостановлениеСтатус не указан

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 2023-жылдын 13-апрелиндеги № 16-6 «А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөн үчүн Арал айылынан 1,0 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берүү жөнүндө» токтому

Редакцияот 13.04.2023
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

А.МИРМАХМУДОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын депутаттарынын кезектеги XVI сессиясы

2023-жылдын 13-апрели № 16-6

А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөн үчүн Арал айылынан 1,0 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берүү жөнүндө

Күн тартибиндеги А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөн үчүн Арал айылынан 1,0 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берүү жөнүндөгү маселени айылдык кеңешинин депутаттарынын туруктуу комиссияларынын отурумунда карап жана депутаттардын талкуусун угуп, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна жана Жер Кодексинин 13-беренесине таянып А.Мирмахмудов айылдык кеңешинин 16-сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

1. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөн үчүн Арал айылынан 1,0 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга) макулдук берилсин.

2. А.Мирмахмудов атындагы айыл аймагындагы сугат жерден көрүстөн үчүн Арал айылынан 1,0 га жер аянтын трансформациялоого (айыл чарба багытынан которууга)тиешелүү документтерин даярдоо А.Мирмахмудов атындагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыктарын коргоо, жер, айыл чарба,суу, жайыт, жаратылышты коргоо, жерге жайгаштыруу, өнөр-жай иштетүү, энергетика, архитектура, курулуш жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төраганын м.а:

А.Ашиева.