ПостановлениеСтатус не указан

Кыштут айыл аймыгынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 84 «Сай- Баткен каттамынын жол акысынын тарифи жөнүндө» токтому

Редакцияот 17.04.2023
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кыштут айылдык кеңешинин VIIчакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

2023-жылдын 17-апрели №84

Сай- Баткен каттамынын жол акысынын тарифи жөнүндө

"Баткен"А/Коомунун Кыштут айылдык кеңешинин төрагасы А.Сейитмуратовко жазган катынын негизинде, Кыштут айылдык кеңешинин финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы У.Мидиновтун баяндамасын угуп, кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1. Сай- Баткен каттамынын жол акысы 120 ( бир жүз жыйырма ) сомдон 140 (бир жүз кырк ) сомго көтөрүлсүн.

2. Протоколдо көрсөтүлгөндөй күйүчү май арзандаган мезгилде жол акысы кайрадан каралсын.

3. Ушул токтомдун көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүнүн башчысынын, орун     басары       Н.Жакыбалиевке,     айылдык     кеңешинин финансы,экономика боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы У.Мидиновко жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сейитмуратов