Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 30 «Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдан 2023-жылга карата калган акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ» токтому
ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XXX кезексиз сессиясы
2023-жылдын 28-февралы № 30
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылдан 2023-жылга карата калган акча каражатын пайдалануу жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн 2023-жылдын жыл башында калган акча каражатынын сметасын бекитүү боюнча айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп, жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышындагы кезексиз сессиясы токтом кылат.
1. 2023-жылга жыл башында калган калдыктын жалпы суммасы 1546,5(бир миллион беш жүз кырк алты миң беш жүз) сомго сметасы бекитилсин.
2. 2023-жылга жыл башында калган калдыктын 301,6 (үч жүз бир миң алты жүз) сому бала-бакчага тамк аш алууга, 855,0 миң сом кѳмүр отунун алууга бѳлүнсүн.
3. Жыл башында калган калдыкка смета бекитүүдѳ жергиликтүү Кеңеш тарабынан 2020-жылы “30” январда № 1 токтом менен бекитилген Жан-Булак айыл аймагынын 2020-2023-жылдарда социалдык-экономикалык ѳнүктүрүүнүн стратегиялык планындагы №1 “Инфраструктура” пунктунун 1.2 подпунктунда кѳрсѳтүлгѳн “Айыл ичине кѳчѳ штакетниктерин салдыруу жана түнкү чырактарды орнотуу” графасынын негизинде айыл ичин жарыктандырууга аппаратка 389,9 сом бѳлүнсүн
4. Жыл башында калган калдыктын сметасын киргизип берүү жагы КРФМ Нарын башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы айыл ѳкмѳттүн башчысы У. Боскунчиевге жана айыл ѳкмѳттүн финансы бѳлүмүнүн башчысы Н. Чокоевага милдеттендирилси
Төрага | Э. Мамбеткулов |