Распоряжение Правительства Кыргызской Республики от 2 августа 2006 года № 427-р ( Об одобрении проекта Соглашения между Правительством КР и Федеративной Республики Германия о техническом сотрудничестве на 2005 год )
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 2-августу, №427-б КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН БУЙРУГУ Кырыз Республикасынын Өкмөту менен Германия ФедеративдүүРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы достук мамилелерди андан арычыњдоо максатында: 1. 2005-жылга техникалык кызматташтык жөнүндө КыргызРеспубликасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү РеспубликасынынӨкмөтүнүн ортосундагы макулдашуунун долбоору жактырылсын. 2. Кырыз Республикасынын экономика жана каржы министри АкылбекҮсөнбекович Жапаровго жогоруда аталган Макулдашууга кол коюуга ыйгарымукук берилсин. Премьер-министр Ф.Кулов Долбоор 2005-жылга Техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү, Кыргыз Республикасы менен Германия Федеративдүү Республикасынынортосунда түзүлгөн достук мамилелерге негизденип, өнөктөш техникалык кызматташтык аркылуу ушул достук мамилелердичыњдоону жана терењдетүүнү каалап, ушул мамилелерди колдоо ушул Макулдашуунун негизинде жаткандыгынсезе билип, Кыргыз Республикасынын социалдык -экономикалык өнүгүшүнө салымкошууга ниеттенип, 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында эки тараптуукызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Германия ФедеративдүүРеспубликасынын ортосундагы өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдүн 2005-жылдын31-августундагы жыйынтыктоочу протоколуна шилтеме жасоо менен, төмөндөгүлөр жөнүндө макулдашты; 1-статья (1) Техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүменен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 1998- жылдын 31 - мартындагы Макулдашууну аткаруу үчүн, эгерде тиешелүүкарап чыгуунун жыйынтыгы боюнча аларды ишке ашырууга каражаттардыбөлүүнүн максатка ылайыктуулугу белгиленсе, төмөндөгү долбоорлоргосубсидия берилет: 1. «Жеке менчик экономиканы өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү» (уландысы;2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарында үчүн өкмөттөр аралык экитараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун 4.2.1-пункту) -1000.000 (жазуу менен: бир миллион) еврого чейин; 2. «Рыноктун керектөөлөрүнө багытталган кесиптик кайра даярдоотармагына колдоо көрсөтүү» (уландысы; 2005-2005-жылдарга өнүктүрүүмаксаттарында өкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүнжыйынтыктоочу протоколунун 4.2.2-пункту) - 900.000 (жазуу менен: тогузжүз мињ) еврого чейин; 3. «Айылдык региондордо кредиттөө системасын түзүү» (долбоордонкийинки колдоо көрсөтүү; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарындаөкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун4.2.3-пункту) - 400.000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин; 4. «Товардык жана сервистик кооперативдерди өнүктүрүүгө көмөккөрсөтүү» (уландысы; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарындаөкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколунун4.2.4-пункту) - 1.300.000 (жазуу менен: бир миллион үч жүз мињ) еврогочейин; 5. «Техникалык кызматташтыктын изилдөөлөр жана адистер фонду»(алмашууну көбөйтүү; 2005-2006-жылдарга өнүктүрүү максаттарындаөкмөттөр аралык эки тараптуу сүйлөшүүлөрдун жыйынтыктоочу протоколунун4.5.5-пункту) - 400.000 (жазуу менен: төрт жүз мињ) еврого чейин. (2) Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтү ушул статьянын 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлорду ишке ашыруу максатында өзүнүнэсебинен персоналды жана буюм заттарын, ошондой эле зарыл учурда жалпысуммасы 4.000.000 (жазуу менен: төрт миллион) еврого барабаркайтарылгыс каржылык салымдарды берет. Ушул статьянын 1-пунктундакөрсөтүлгөн долбоорлор боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууну алЭшборн шаарындагы Германдык техникалык кызматташтык коомуна (ГТЦ)тапшырат. (3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тиешелүү долбоорлордуүзгүлтүксүз ишке ашыруу максатында өз алдынча дифференциалданганбюджеттик пландоону кепилдикке алат жана ушул статьянын 1- статьясындакөрсөтүлгөн долбоорду жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон өзүнүнмилдеттенмелерин аткарууну өзү ыйгарым укук берген аткаруучу уюмдараркылуу аткарууну камсыз кылат. (4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия ФедеративдүүРеспубликасынын Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашуу боюнча ушул статьянын1-пунктунда саналган долбоорлор башка долбоорлор менен алмаштырылышымүмкүн. (5) Эгерде ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөн аткаруучужана зарыл учурда каржылык контракттар ушул милдеттенмелер күчүнөкирген жыл аяктагандан кийин сегиз жылдык мөөнөттө түзүлбөсө, ушулстатьянын 1 - пунктунда көрсөтүлгөн долбоорлор жана ушул статьянын 2-пунктунда техникалык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу үчүн каралгансуммаларды берүү боюнча милдеттенмелер башкалар менен алмаштырылбастанөзүнүн күчүн жоготот. Ушул жылы кабыл алынган милдеттенмелерге каратаушул мөөнөт, ушул статьянын 4-пунктунун жоболоруна карабастан, 2013-жылдын 31-декабрына карата аяктайт. Эгерде жогоруда аталган мөөнөттөкол коюлган аткаруучу жана зарыл учурда каржылык контракттар тарабынанушул милдеттенмелердин бир бөлүгү гана камтылса, анда жогоруда аталганмөөнөтту узартуу, сумманын ушул контракттар тарабынан өздөштүрүлбөгөнбөлүгүнө гана жайылтылат. 2-статья 1-статьянын 1-пунктунда камтылган долбоорлордун, ошондой элеаткарылууга тийиш болгон жумуштардын жана милдеттенмелердин ар кылжактары аткаруучу жана зарыл учурда ГТЦ жана аткаруучу уюмдардынортосунда түзүлгөн каржылык контракттар менен жөнгө салынат, ал ушулМакулдашуунун 1 - статьясынан 3 - пунктуна ылайык ушуга дагы ыйгарымукук берилет. Ушундай аткаручу жана зарыл учурда каржылыкконтракттарга карата Германия Федеративдүү Республикасында күчүндөболгон мыйзамдар колдонулат. 3-статья (1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ушул Макулдашуунун 1 -статьясынын 1-пунктунда көрсөтүлгөн долбоорду ишке ашыруу үчүнГермания Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн тапшырмасы Жана анынэсебинен жөнөтүлгөн материалдарды, автомобилдерди, буюмдарды жанажабдууларды, ошондой эле запастык тетиктерди лицензиялык, бажылык,импорттук, экспорттук, порттук жана башка жыйымдардан, анын ичиндеаларды кампаларда сактоого кеткен чыгашалардан бошотот Жана алардытоктоосуз түрдө бажылык жол-жоболоштурууну камсыз кылат. (2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германдык техникалыккызматташтык коомун (ГТЦ) ушул Макулдашуунун 2-статьясында көрсөтүлгөнаткаруучу жана зарыл учурда каржылык контракттарды түзүүгө жанааткарууга байланыштуу Кыргыз Республикасында алынуучу ар кандайсалыктардан жана мамлекеттик башка жыйымдардан бошотот. Аталганжыйымдардан бошотуу Кыргыз Республикасында сатылып алынганматериалдарга да жайылтылат. 4-статья Калган учурларда ушул Макулдашууга карата ушул Макулдашуунун 1-статьясынын 1-пунктунда айтылган Техникалык кызматташтык жөнүндө 1998-жылдын 31-мартындагы макулдашуунун жоболору жайылтылат. 5-статья Ушул Макулдашууну чечмелөөгө жана колдонууга байланыштуу бардыкталаш маселелер Тараптар ортосунда консультациялар жана сүйлөшүүлөраркылуу чечилет. 6-статья Бул Макулдашуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Германия ФедеративдүүРеспубликасынын Өкмөтүнө Макулдашуу күчүнө кириши үчүн ичкимамлекеттик шарттар аткарылгандыгы жөнүндө билдирген күндөн тартыпкүчүнө кирет. Билдирүү келип түшкөн күн чечүүчү дата болуп саналат. 200_жылдын «____» ________ Бишкек шаарында эки нускада ар биринемец жана орус тилинде түзүлдү, мында эки текст тењ бирдей күчкө ээболот. Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Өкмөтү үчүн Республикасынын Өкмөтү үчүн