ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 12 августа 2009 года № 256 «О заявлении Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»

Редакцияот 12.08.2009
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2009-жылдын 12-августу № 256

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын билдирүүсү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ЕККУнун шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Миссиясынын (мындан ары ЕККУ ШБЖМ) 2009-жылдын 24-июлундагы алдын ала жыйынтыктар жана корутундулар жөнүндө Билдирүүсүн карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3- 32-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум ткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. ЕККУ ШБМнын алдын ала жыйынтыктар жана корутундулар жөнүндө Билдирүүсүнө КР БШКнын Билдирүүсүнүн тексти бекитилсин (№ 1 ииркеме).

2. КР БШКнын бул Билдирүүсү ЕККУ/ДИАУБдын кеңсесине жана Австирия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын элчилигине берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жөнөтүлсүн.

3. КР БШКнын бул Билдирүүсү Кыргыз Республикасынын жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу КР БШКнын мүчөсү .Шерешковага жүктөлсүн.

 

Төрага

Д.Лисовский