ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 17 мая 2010 года № 14 «О внесении частичных изменений в состав Майлу-Суйской городской комиссии референдума»

Редакцияот 17.05.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 17-майы № 14

Майлуу-Суу шаардык референдум комиссиясынын курамына айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Өзүнүн ыйгарым укуктарын тапшыруу жөнүндө арызын бергендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги № 20 Декрети менен бекитилген "2010-жылдын 27-июнуна дайындалган, Кыргыз Республикасынын референдумун (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн убактылуу Тартибинин " 15-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Убактылуу Борбордук.комиссиясынын 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 5 токтому менен бекитилген "Референдум (бүткүл элдик добуш берүү) комиссияларын түзүү жана таратуу тартибине" ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Майлуу-Суу шаардык референдум комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр .киргизилсин:

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Кошалиев Таалайбек Тоялиевич комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Куватова ;Айгүл Рахманжановна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

-жарандардын  чогулушунан  көрсөтүлгөн, Попсуй Сергей Вальеревич комиссиянын курамына резервден киргизилсин;

-жарандардын чогулушунан көрсөтүлгөн, Мамытов Маматарип Маытович комиссиянын курамына резервден киргизилсин

2 Бул токтом "Эркин Too" гезитине жарыялансын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү Г.Т. Алымбековага жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев