ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов от 24 мая 2010 года № 53 «Об утверждении образца удостоверения международных (иностранных) наблюдателей на Референдуме Кыргызской Республики 27 июня 2010 года»

Редакцияот 24.05.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 24-майы № 53

2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын Референдумунда эл аралык (чет элдик) байкоочулардын күбөлүктөрүнүн үлгүлөрүн бекитуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Мыйзамынын  5-беренесинин  1-пунктунун 16-пункутчасын жетекчиликке алыл, 2010-жылдын 27-июнундагы Кыргыз Республикасынын референдумуна эл аралык байкоочулардын катышуусун уюштуруу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Эл аралык (чет элдик) байкоочунун күбөлүгүнүн үлгүсү Бекитилсин (тиркеме № 1).

2 Эл аралык байкоочу катары аккредитациялоо үчүн берилген арыздардын тизмесине ылайык, эл аралык (чет элдик) байкоочунун күбөлүгү даярдалсын.

3 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мүчөсү А. Мамараимовго жүктөлсүн.

 

Төрага

АСариев