ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 5 июня 2010 года № 74 «Об издании специального выпуска газеты с текстом проектов Конституции Кыргызской Республики и Закона Кыргызской Республики «О введении в действие Конституции Кыргызской Республики», вынесенного на референдум 27 июня 2010 года»

Редакцияот 05.06.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 05-июну № 74

2010-жылдын 27-июнунда референдумга коюлган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана "Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери менен газетанын атайын чыгарылышын басып чыгаруу жөнүндө

2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик берүү) даярдоо жана өткөрүү мезгилинде жарандарды маалыматтык жактан камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктунун 3-пунктчасына, 33-беренесинин 4-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 20-майындагы №40 "Кыргыз Республикасынын жаңы конституциясын кабыл алуу боюнча референдум (бүткүл элдик добуш берүү) жөнүндө" Декретине,Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 21-апрелиндеги №20 Декрети менен бекитилген 2010-жылдын 27-июнуна дайындалган референдумду (бүткүл элдик добуш берүү) өткөрүүнүн Убактылуу тартибинин 10-, 11-, 24-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Конституциясын колдонууга киргизуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорлорунун тексттери (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-майындагы №52 Декретинин редакциясында) менен газетанын атайын чыгарылышы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) нуска: алардын ичинен кыргыз тилинде 900 000 (тогуз жүз миң), орус тилинде 600 000 (алты жүз миң) нуска басып чыгарылсын

 

Төрага

А.Сариев