ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 23 августа 2010 года № 171 «О разъяснении по применению пункта 3 статьи 25, пункта 1 статьи 69, статьи 70, пункта 3 статьи 72, пункта 3 статьи 77 Кодекса Кыргызской Республики «О выборах в Кыргызской Республике»»

Редакцияот 23.08.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 23-августу № 171

Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнундө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25- беренесинин 3- пунктун,  69 –беренесинин 1- пунктун, 70- беренесин, 72- беренесинин 3- пунктун, 77-беренесинин З -пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө тууралуу

«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин ченемдерин колдонуу маселелери боюнча шайлоо процессинин катышуучуларынын көптөгөн кайрылууларына байлануштуу, аталган Кодекстин жоболорун бир түрдүү жана так колдонуу максатында, ошондой эле «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинде камтылган коллизиялык ченемдерди чечүү максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесинин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 «Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 25-беренесинин   3-пунктун, 69-беренесинин 1-пунктун, 70-беренесин, 72-беренесинин 3-пунктун, 77-беренесинин 3-пунктун колдонуу боюнча түшүндүрмө бекитилсин.

2 Бул токтом "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын

 

Төрага

А.Сариев