ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 27 августа 2010 года № 182 «Об изготовлении печатей вновь образованным избирательным участкам»

Редакцияот 27.08.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 27-августу № 182

Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкалары боюнча мөөрдү даярдоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 27-августундагы №180 токтому менен бар болгон 2281 шайлоо участкаларына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Ош облусунун Кара Суу районундагы Присавай айылында, Нарын облусунун Нарын районундагы Чет-Нура айылында, Талас облусунун Талас районундагы Чек-Таш айылында, Баткен облусунун Кадамжай районундагы   Жаш-Тилек жана Учкун айылдарында, Жалал-Абад облусундагы Ноокен  районунун Сай-Бою айылында жана Ала-Бука районундагы Сафед-Булан, Баястан айылдарында кошумча 8 шайлоо участкасы түзүлгөн,  "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 13 -пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Жаңыдан түзүлгөн шайлоо участкаларына мурда бекитилген үлгүлөр боюнча мөөрлөр даярдалсын жана алар менен камсыз кылынсын.

2 Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев