ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 сентября 2010 года № 206 «Об образовании дополнительных избирательных участков за пределами Кыргызской Республики»

Редакцияот 06.09.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 6-сентябры № 206

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде кошумча шайлоо участкаларын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жөнүндө Кодексинин 21-беренесинин 5-пунктуна, 2-беренесинин 2-пунктуна ылайык, чет өлкөлөрдүн аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын жүзөгө ашыруу үчүн шарттарды камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1 Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде кошумча шайлоо участкалары түзүлсүн (тиркемеге ылайык).

2 Санк-Петербург шаары, Маданий Борбор, Харков көчөсүндөгү № 9 үйдө жайгашкан мурда түзүлгөн участканын жайгашкан орду, Санк-Петербург шаары, Невский проспекта 132/16, Кыргыз Республикасынын Ардактуу Консулдугуна алмаштырылсын.

3.Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерлерде добуш берүү үчүн түзүлгөн кошумча участкалар жөнүндө маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

4.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине, Кыргыз Республикасынын Эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министрлигине жөнөтүлсүн.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө КР Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү А.Д. Баялиновго жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев