ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 9 сентября 2010 года № 232 «О регистрации списка кандидатов от политической партии «Эгемен Кыргызстан»

Редакцияот 09.09.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 9-сентябры № 232

"Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан талапкерлердин тизмесин каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-,20-,24-пунктчаларын, 27-беренесинин 1-,2-,4-,11- пунктчаларын, 73-беренесинин 1-,3- пунктчаларын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. «Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына көрсөтүлгөн 116 санындагы депутаттардын тизмеси катталсын (тизме тиркелет).

2. «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин саны "Эркин Тоо" газетасынын жакынкы номерине жырыялансын.

3. «Эгемен Кыргызстан» саясий партиясынан катталган талапкерлерге белгиленген үлгүдөгү күбөлүктөр берилсин

 

Төрага

А.Сариев