ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 12 сентября 2010 года № 235 «Об исключении зарегистрированных кандидатов от политической партии «Айкол Эл»

Редакцияот 12.09.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 12-сентябры № 235

"Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2010-жылдын 7-сентябрындагы №214 токтому менен "Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына 120 сандагы талапкерлердин тизмеси катталган.

2010-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына "Айкөл Эл" саясий партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына айрым талапкерлерди чыгаруу жөнүндө "Айкөл Эл" саясий партиясынын Саясий кеңешинен 2010-жылдын 8- сентябрындагы №3 токтому келип түшкөн.

"Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1- пунктунун 3-пунктчасын, 27-беренесинпи 8-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айкөл Эл" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен Жанибеков Бахтиержон, Жеңишбекова Гүлмира, Моминов Шавкат Турсунович, Сулайманов Жеңишбек Сүйүнбаевич чыгарылсын.

2. 2010-жылдын 7-сентябрында "Айкөл Эл" саясий партиясынан катталган талапкерлердин №№65,77,89,120 күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом "Айкөл Эл" саясий партиясына маалымдалсын

 

Төрага

А.Сариев