Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 12 сентября 2010 года № 241 «О порядке проведения жеребьевки по распределению бесплатного эфирного времени политическим партиям на каналах государственных телерадиоорганизаций и печатной площади в государственных печатных изданиях»
КР Борборшайлоокомунун 2015-жылдын 28-июлундагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготкон
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ
ТОКТОМ
2010-жылдын 12-сентябры № 241
Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакытты жана мамлекеттик басмасөз басылмаларда басылма аянттарын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү тартиби жөнүндө
«Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Кодексинин 30-беренесинин 16-пунктуна, 32-бересинин 1-,2-,3-пункттарына ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү мезгилинде бардык саясий партияларга бирдей шарттарды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1 Саясий партияларга мамлекеттик телерадио берүү уюмдарынын каналдарында акысыз эфирдик убакытты жана мамлекеттик басмасөз басылмаларда басылма аянттарын бөлүштүрүү боюнча чүчүкулак өткөрүү Тартиби бекитилсин (тиркелет).
2 Бул Тартип "Эркин Тоо" газетасында жарыялансын.
3. Бардык деңгээлдердеги шайлоо комиссиялары өз ыйгарым укуктарынын чектеринде ушул Тартиптин талаптарынын жүзөгө ашырылышына жана сакталышына контролдукту камсыз кылсын
Төрага | А.Сариев |