ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 21 сентября 2010 года № 269 «Об уполномоченных представителях политической партии «Республиканская народная партия Кыргызстана»

Редакцияот 21.09.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 21-сентябры № 269

"Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жөнүндө

"Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы" саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн алмаштыруу жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыз бергендигине байланыштуу, "Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Кодексинин 26-беренесинин 3-, 6-, 7-пункттарына, 10-беренесинин 1-пунктунун 1-, 3-, 22-пунктчаларына ылайык Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы" саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулсун:

- Бенисович Сергей Петрович - шайлоо маселелери боюнча;

- Березин Максим Борисович - шайлоо боюнча.

2. 2010-жылдын 15-августундагы №№ 079, 080 каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылсын.

3. "Кыргызстандын республикачыл элдик партиясы" саясий партиясынын төмөнкү ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катталсын:

- Джурсунов Бакыт Джурсунович - финансы маселелери боюнча;

- Абельденов Мелис Мамырбекович - шайлоо боюнча.

4. Саясий партиянын катталган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө каттоо күбөлүктөрү берилсин.

5. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

 

Төрага

А.Сариев