ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 2 октября 2010 года № 293 «О регистрации доверенных лиц политических партий»

Редакцияот 02.09.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 2-октябры № 293

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

"Республика", "Ата-Журт", "Ата Мекен", "Ар-Намыс", "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3, 22, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1, 2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндө аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Республика" саясий партиясынан, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустары боюнча 21 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ата-Журт" саясий партиясынан 44 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ата Мекен" саясий партиясынан 68 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ар-Намыс" саясий партиясынан, Баткен облусу боюнча 40 адам (тизмеси тиркелет);

- "Кыргызстан коммунисттеринин партиясы" саясий партиясынан, 5 адам (тизмеси тиркелет).

2. Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

 

Төрага

А.Сариев