ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 5 октября 2010 года № 298 «О внесении изменения в состав Ошской городской избирательной комиссии»

Редакцияот 05.10.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 5-октябры № 298

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын чечүүчү добуш берүү укугу бар мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевнаны ден соолугунун абалынан улам комиссиянын жыйналыштарына системалуу түрдө катышпай жаткандыгына байланыштуу комиссиянын курамынан чыгаруу жөнүндө 2010-жылдын 1-октябрындагы № 10 токтомун карап чыгып, "Кыргыз Республикасындагы Шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 16-беренесинин 3-пунктун, 10-беренесинин 1-пунктунун 2-, 3-пунктчаларын, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн Убактылуу тартибинин 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ош шаардык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- комиссиянын курамынан "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" саясий партиясынан сунушталган мүчөсү Туголбаева Айкан Сатыбалдиевна чыгарылсын;

- комиссиянын курамына резервден "Акшумкар" саясый партиясынан көрсөтүлгөн Маматжанова Феруза Керимовна киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев