ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 7 октября 2010 года № 310 «О регистрации доверенных лиц политических партий»

Редакцияот 07.10.2010
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2010-жылдын 7-октябры № 310

Саясий партиялардын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө

"Содружество", "Эгемен Кыргызстан", "Республика", "Ата-Журт" саясий партияларынын ишенимдүү адамдарын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн сунуштарын карап чыгып, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 10-беренесинин 1-пунктунун 3-, 22-, 24-пунктчаларына, 29-беренесинин 1-, 2-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөндөгү аталган саясий партиялардын ишенимдүү адамдары катталсын:

- "Содружество" саясий партиясынан Талас жана Чүй облустары боюнча 91 адам (тизмеси тиркелет);

- "Эгемен Кыргызстан" саясий партиясынан 3 адам (тизмеси тиркелет);

- "Республика" саясий партиясынан 12 адам (тизмеси тиркелет);

- "Ата-Журт" саясий партиясынан 2 адам (тизмеси тиркелет).

2. Саясий партиялардын катталган ишенимдүү адамдарына белгиленген үлгүдөгү күбөлүк берилсин.

 

Төрага

А.Сариев