ПостановлениеДействует

Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 18 февраля 2011 года № 8 «О внесении изменения в состав Баткенской областной избирательной комиссии»

Редакцияот 18.02.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 18-февралы № 8

Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө

БШКнын комиссиясынын "Баткен облусунун Лейлек районуна барып текшерүүнүн натыйжалары жөнүндө" маалымкаттын жана Баткен облустук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 12-февралындагы № 3 протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы шайлоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексинин 16-беренесинин 3-пунктуна, 10-беренесинин 1-пунктунун 7-пунктчасына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2010-жылдын 22-июлундагы № 133 токтому менен бекитилген "Облустук, Бишкек, Ош шаардык шайлоо комиссияларын түзүүнүн убактылуу тартибинин" 1, 2-пункттарына, Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын 2004-жылдын 15-июнундагы № 15 токтому менен бекитилген "Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча облустук, Бишкек, Ош шаардык комиссиялар жөнүндө жобонун" 2.11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Баткен облустук шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- "Туран" демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн, комиссиянын мүчөсү Ысаков Мурзабек Сулейманович курамдан чыгарылсын;

- "Акыйкат" республикалык партиясы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Бабаева Уулкан Абдукаримовна республиканын чегинен тышкары кеткендигине байланыштуу комиссиянын резервинен чыгарылсын.

- "КСДП" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Нурмаматов Абибилла комиссиянын курамына резервден киргизилсин.

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын.

3. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары М.И.Аргымбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

А.Сариев