ПостановлениеДействует

Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 июля 2011 года № 2 «Об избрании Председателя и заместителей Председателя Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Кыргызской Республики»

Редакцияот 04.07.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 4-июлу № 2

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын жана төраганын орун басарларын шайлоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесинин 3, 4, 5, 6, 7-пункттарын жетекчиликке алып жана Борбордук шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын № 3, № 4, № 5, № 6 протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын № 3, № 4 протоколу бекитилсин.

Абдраимов Туйгуналы Дүйшеналиевич Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасына шайланды деп эсептелсин.

2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын № 5 протоколу бекитилсин.

Шайымкулова Айнура Токтогуловна Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына шайланды деп эсептелсин.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө 2011-жылдын 4-июлундагы эсептөө комиссиясынын № 6 протоколу бекитилсин.

Журабаева Гүлнара Курашбековна Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басарына шайланды деп эсептелсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Уюштуруу бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Төрага

Ж.Бапанова