ПостановлениеДействует

Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 13 июля 2011 года № 20 «О рабочей группе по организации выборов за пределами Кыргызской Республики и работе с международными наблюдателями»

Редакцияот 13.07.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 13-июлу №20

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу топ жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамдын 2-беренесинин 2-бөлүгүн, 10-беренесинин 1-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 2, 29-бөлүктөрүн жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу, эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун уюштуруу боюнча маселелерди чечүү максатында  Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкаркы жерлерде шайлоону уюштуруу жана эл аралык байкоочулар менен иштөө боюнча жумушчу тонтун курамы бекитилсин (тиркелет).

2. Жумушчу топтун жетекчилигине Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын мучөсү А.Ж.Баялиногз бекитилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Журабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов