ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 15 августа 2011 года № 120 «О регистрации уполномоченного представителя кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Калбаева Т.М.»

Редакцияот 15.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 15-августу № 120

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевден Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына түшкөн документтерди карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т.М.Калбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталсын:

-Тажибаев Абдулхаким, 1957-жылы туулган, Кыргыз Республикасынын Калкты социалдык жактан коргоо министрлигинин алдындагы протездик-ортопедиялык бюмдар Республикалык ишканасынын Ош филиалынын директору.

2 Тажибаев Абдулхакимге Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Т М.Калбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана тешерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж. А. Акматовко жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов