ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 17 августа 2011 года № 125 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Эгембердиева О.А.»

Редакцияот 15.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-августу № 125

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19 пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

-Алиев Насиб. 1948-жылы туулган, пенсионер;

-Сыдыкбеков Джапар Турдакунович, 1950-жылы туулган пенсионер;

-Омаров Галжирамазан Рамазанович, 1949-жылы туулган, пенсинер;

-Кукеев Марлис Мавленович, 1964 -жылы туулган, жеке ишкер.

2 Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер О.А.Эгембердиевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

3 Ушул токломдун аткарылышынын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов