ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 17 августа 2011 года № 147 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Абышева A.M.»

Редакцияот 17.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-августу № 147

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевден келип түшкөн документтерди карап чыгып "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин-бөлүмүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүн 2,19 пункттарын жетекчиликке алып,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Кыргыз Республикасынын Президенттин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп катталсын:

-Малдыбаева Гульсара , 1951-жылы туулган, пенсионер;

-Токтогулова Жылдыз Шаарлыковна, 1982-жылы туулган убактылуу иштебейт;

-Доолоталиева Чолпон Сейитовна, 1968-жылы туулган, КР саламатыкты сактоо Министрлигинин Улуттук онкология борборунун дарыгери;

-Бейшенбиев Айзат Бектенович, 1969 -жылы туулган, "Байтик-Ынтымак" кооперативинин төрагасы;

-Укиева Азида Темиркуловна, 1979 -жылы туулган, жеке ишкер;

-Садабаева Гулзина Ташиевна, 1959-жылы  туулган,"Байтик -Ынтымак" коперативинин бухгалтери;

-Иманкулов Русланбек Рыскулович, 1967-жылы туулган, жеке ишкер;

-Малдыбаева Айдай Ахматбековна, 1961-жылы туулган, жеке ишкер.

2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер А.М.Абышевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүгү берилсин.

 3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов