ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 22 августа 2011 года № 167 «О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Иманкулова М.М.»

Редакцияот 22.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу № 167

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдон келип түшкөн документтерди карап чыгып, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн жана «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2,19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Бейшенбаев Нарынбек Акматович, 1954-жылы туулган, кудуретсиздик процессин ишке ашырган атайын администратор;

-Идирисов Орозбек Ниязбекович, 1958-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

- Мамаджанов Дадажан, 1941-жылы туулган, "Керектөөчү бирикмесинин салык салуучуларынын укуктарын коргоо" ЖЧКнын төрагасы;

- Аманкулова Шайлоогул Казисеевна, 1959-жылы туулган, "Семетей Интер" Коомдук фонддун координатору;

-Ажигулов Мелус Бейшенканович, 1962-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

- Орозбаев Алмасбек Асанбекович,1960-жылы туулган, «Универсал-Строй» ЖКЧнын административдик-чарбачылык бөлүмүнүн башчысы.

2.Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер М.М.Иманкуловдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүнө күбөлүгү берилсин.

3 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов