ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 22 августа 2011 года № 177 «О «Журнале участковой избирательной комиссии»

Редакцияот 22.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу № 177

Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 9, 16-пункттарын жетекчиликке алып, участкалык шайлоо комиссияларынын ишин жеңилдетүү жана уюштуруучулук методикалык жардам көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Участкалык шайлоо комиссияларынын журналы" методикалык колдонмо бекитилсин (тиркелет).

2. Ушул токтомдук аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов