ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 22 августа 2011 года № 180 «Об утверждении формы заявления о внесении изменений в персональные данные»

Редакцияот 22.08.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 22-августу № 180

Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздын формасын бекитүү тууралуу

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын коституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана рефрендум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1 Жеке маалыматтарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө арыздын формасы бекитилсин (тиркелет)

2 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов