ПостановлениеДействует

Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 сентября 2011 года № 237 «О внесении изменений в Инструкцию «О порядке сбора подписей избирателей в поддержку кандидата на должность Президента Кыргызской Республики и проверки достоверности подписей и сведений в подписных листах, представленных кандидатами и их уполномоченными представителями»

Редакцияот 06.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-сентябры № 237

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө» нускамага өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

«Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» конституциялык Мыйзамынын 52-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын шайлоо референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 5 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө» Нускамага төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- № 4 тиркеменин 2-пунктундагы «аталышы жок» деген сөздөрдөн кийинки «облус» деген сөз апып салынсын;

- № 6 тиркемедеги 2-пунктундагы «аталышы» деген сөздөн кийинки «облустар» деген сөз алып салынсын.

2. Ушул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн

 

Төрага

Т.Абдраимов