ПостановлениеДействует

Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 сентября 2011 года №242»О регистрации уполномоченных представителей кандидата на должность Президента Кыргызской Республики Булекбаева Э.К.»

Редакцияот 08.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 8-сентябры №242

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевден Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Бейсебаев Рахат Сансызбаевич, 1975-жылы туулган, К.Карасаев ат. Бишкек Гуманитардык Университетинин доценти;

- Джумагулов Шаимбек Шаршенбекович, 1951-жылы туулган, "ЖУМА" дыйкан чарбасынын башчысы;

- Усенова Индира Алтынбековна, 1973-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

- Мамбетов Руслан Белекович, 1976-жылы туулган, убактылуу иштебейт.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовко жүктөлсүн.

 

Төрагасы

 

Т.Абдраимов