ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 20 сентября 2011 года № 267 «Об утверждении формы удостоверения главы айыл окмоту Кыргызской Республики»

Редакцияот 20.09.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 20-сентябры № 267

Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчыларынын күбөлүктөрүнүн формаларын бекитүү жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүмүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 5-бөлүгүнүн 2-абзацына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын айыл өкмөт башчынын күбөлүгүнүн формасы бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү, боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов