ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 6 октября 2011 года № 331 «О регистрации кандидатом на должность Президента Кыргызской Республики Бакир уулу Т.»

Редакцияот 06.10.2011
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-октябры № 331

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Турсунбай Бакир уулун каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Эркин Кыргызстан" (ЭрК) Прогрессивдик-демократиялык партиясынан көрсөтүлгөн Бакир уулу Турсунбай Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.

2. Бакир уулу Турсунбайга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов