Редакцияот 06.10.2011
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2011-жылдын 6-октябры № 332

Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке Н.Т.Тюлеевди каттоо жөнүндө

"Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-главасына ылайык, шайлоо күрөөсүн тастыктаган документтин, Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жана Тил боюнча комиссиясынын корутундуларынын негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарына жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "7-апрель Жаштар кыймылы" саясий партиясынан көрсөтүлгөн Тюлеев Нариман Ташболотович Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер болуп катталсын.

2. Тюдеев Нариман Ташболотовичке Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкердин күбөлүгү берилсин.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов