ПриказДействует

Приказ Государственной службы исполнения наказаний при Правительстве Кыргызской Республики от 25 января 2016 года № 1 «Об утверждении Инструкции о порядке производства досмотра лиц, их вещей, транспортных средств, находящихся на территории учреждения уголовно-исполнительной системы и на прилегающих к нему территориях, на которых установлены режимные требования»

Редакцияот 25.01.2016
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ

БУЙРУК

2016-жылдын 25-январы № 1

Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 54-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык,

БУЙРУК  КЫЛАМЫН:

1. Тиркемеге ылайык Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн  адамдарды, алардын буюмдарын,  унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары и/к полковниги О. Энтериевге калтырылсын.

3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Төрага

О. Энтериев