ПриказДействует

Приказ Государственного комитета промышленности энергетики и недропользования Кыргызской Республики от 2018 года 11 апреля №01-7/171 «Об утверждении Правил безопасности производственных процессов строительства и эксплуатации подземных объектов, не связанных с добычей полезных ископаемых, а также объектов добычи полезных ископаемых подземным способом»

Редакцияот 11.04.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨНӨР ЖАЙ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА ЖЕР КАЗЫНАСЫН ПАЙДАЛАНУУ МАМЛЕКЕТТИК КОМИТЕТИ БУЙРУГУ

 

2018-жылдын 11-апрели № 01-7/171

Пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелерди бекитүү жөнүндө

Адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, жеке жана юридикалык жактардын мүлкүн, мамлекеттин же муниципалдык мүлктүн коопсуздугун камсыздоо кылуу жана коргоо, кооптуу өндүрүштүк объекттерди пайдаланууда келип чыккан кооптуу жана зыяндуу факторлордон курчап турган чөйрөнү коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” № 530 токтомуна ылайык,

БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркемеге ылайык пайдалуу кендерди казып алуу менен байланышпаган жер алдындагы объектилерди жана пайдалуу кендерди жер алдында ыкмасы менен казып алуучу объектилерди куруунун жана иштетүүнүн өндүрүштүк процесстеринин коопсуздугу боюнча Эрежелер бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин Өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ушул буйрукту мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин жана аны расмий жарыялоо боюнча чараларды көрсүн.

3. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн кийин күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун көчүрмөсү, күчүнө киргенден кийин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтүлсүн.

 

 

Председатель

У.Д. Рыскулов