ПостановлениеДействует

Постановление Правительства Кыргызской Республики от 20 февраля 2018 года № 105 «О внесении изменения в постановление Правительства Кыргызской Республики»Об утверждении правил организации пассажирских перевозок автомобильным транспортом в Кыргызской Республике«от 23 сентября 2013 года № 519»

Редакцияот 20.02.2018
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2018-жылдын 20-февралы № 105

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 30-августундагы № 546 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жол коопсуздугу системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин аткаруунун Иш-чаралар планынын 61-пунктун аткаруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы. № 519 "Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун эрежелеринде:

жогоруда аталган Эрежелердин 19-тиркемесиндеги 11-тиркеменин 4-пункту төмөнкүдөй мазмундагы 6-пунктча менен толукталсын:

"6) автобустук каттамдарды тейлеген айдоочулар бир жана андан көп өлүмгө алып келген же ар түрдүү оордуктагы жаракат алган үч жана андан көп ЖТК катышуучулары менен жол-транспорт кырсыгын жасаган жана айдоочунун күнөөсү соттун чечими менен белгиленген учурда бир тараптуу тартипте Контрактты бузууга.".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

 

С.Исаков