ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 12 апреля 2012 года № 60 «О назначении выборов мэров городов Балыкчи, Каракол Иссык-Кульской области, Токмок Чуйской области Кыргызской Республики»

Редакцияот 12.04.2012
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2012-жылдын 12-апрели № 60

Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоону дайындоо жөнүндө

2012-жылдын 4 жана 25-мартында Балыкчы, Каракол жана Токмок шаардык кеңештеринин депутаттарынын шайланышына байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 5-пунктуна, 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43-беренесинин 1, 3-бөлүктөрүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол, Чүй облусунун Токмок шаарларынын мэрлерин шайлоо 2012-жылдын 28-апрелине дайындалсын.

2. Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Каракол аймактык шайлоо комиссиялары, Чүй облусунун Токмок аймактык шайлоо комиссиясы шайлоолорду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүүнү уюштурсун.

3. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т.Абдраимов