Закон КР от 28 апреля 2007 года № 53 (О ратификации Договора о создании Межгосударственного фонда гуманитарного сотрудничества государств – участников Содружества Независимых Государств, подписанный 25 мая 2006 года в городе Душанбе)
Этот документ есть на русском языкеРусский
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2007-жылдын 28-апрели № 53 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Дүйшөмбү шаарында 2006-жылдын 25-майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү жөнүндө Келишимин ратификациялоо тууралу 1-статья. Дүйшөмбү шаарында 2006 - жылдын 25 - майында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө - мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташуу фондун түзүү жөнүндө Келишими ратификациялансын. 2-статья. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын аталган Келишимдин күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол—жоболорду аткаргандыгы жөнүндө билдирсин. 3-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2007 - жылдын 22 - мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиев