Редакцияот 15.07.2009
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2009-жылдын 15-июлу № 209

 

2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб  Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата

өз ара түшүнүшүү Меморандумун ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

2009-жылдын 13-январында кол коюлган, Кыргыз Республикасына берилген кредиттер боюнча 2009-жылдын 1-мартына чейин Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фондунун алдында жоюлууга тийиш болгон суммаларды жөнгө салуу боюнча финансылык атайын чараларга карата өз ара түшүнүшүү Меморандуму ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн Меморандумдун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө Араб Экономикалык Өнүктүрүүнүн Кувейт Фонду тарапка билдирсин.

 

3-берене.

 

Ушул Мыйзам кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын            Президенти

 

К.Бакиев