ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 4 июня 2013 года № 102 «Об утверждении протоколов об итогах голосования и о результатах выборов депутатов Советского айылного кенеша Кадамжайского района Баткенской области»

Редакция
Сравнить
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2013-жылдын 4-июну № 102

Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоонун натыйжалары жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралу протоколдорду бекитүү жөнүндө

(КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 24-сентябрындагы № 204 Жарлыгы менен дайындалган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоо 2012-жылдын 25-ноябрында өткөрүлдү.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин аймагында айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо үчүн көп мандаттуу 1 шайлоо округу түзүлгөн.

2012-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өткөн жок деп таануу жөнүндө" № 148 токтому менен Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча шайлоо өткөн жок деп табылган.

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 15-апрелиндеги № 77 Жарлыгы менен дайындалган Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо 2013-жылдын 26-майында өткөрүлдү.

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине шайлоо процессинин катышуучуларынан жазуу жүзүндөгү кайрылуу (арыздар, даттануулар, актылар) келип түшкөн жок.

2013-жылдын 26-майындагы болуп өткөн жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө келип түшкөн, Кадамжай аймактык шайлоо комиссиясы берген протоколдордун негизинде, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесиндеги 1-бөлүктүн 2, 24-пункттарына, "Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 37-беренесинин 4-бөлүккө, 40-беренесиндеги 4-бөлүккө, 62-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2013-жылдын 26-майындагы Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын Кан шайлоо округу боюнча кайталап шайлоо өттү деп табылсын.

2. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешинин депутаттарын кайталап шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктары жана шайлоонун натыйжалары жөнүндө протоколдор бекитилсин.

3. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Совет айылдык кеңешине төмөнкү талапкерлер шайланган депутаттар деп эсептелсин (тиркеме).

4. Шайланган депутаттарга белгиленген үлгүдөгү күбөлүк жана төш белги берилсин.

5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум өткөрүү

боюнча борбордук комиссиясынын

2013-жылдын 4-июнундагы № 102

токтомуна тиркеме

 

Баткен облусунун Кадамжай районунун Совет айылдык кеңешинин депутаттарынын

ТИЗМЕСИ

 

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Досатов Замирбек Мамасыдыкович  жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.

145

КР Борборшайлоокомунун 2014-жылдын 8-апрелиндеги № 58 токтомуна ылайык Джахбаров Юлдашхужа Каландарович жергиликтүү кеңешинин шайланган депутаты деп табуу тууралуу бөлүгү күчүн жоготту.

130

Досатов Жанболот Мамасыдыкович

102

Жигитов Канатбек Мамытович

102

Абдураимов Чингиз Камбаралиевич

101

Асанов Базарбай Айдаркулович

100

Жусупов Абдисатар Кулмаматович

98

Иминов Дильшотбек Билалович

95

Кутбаев Кубанычбек Абдикалыкович

87

Юлдашев Якубджон Каримджонович

85

Акунчиева Нургул Иметовна

81

 

Төрага

Т.Абдраимов