Редакцияот 28.07.2010
Скачать .docx
Герб Кыргызской Республики
Бишкек шаары2010-жылдын 28-июлу УӨ № 114           КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ              2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялардын             кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөргө             мамлекеттик колдоо көрсөтүү чаралары жөнүндө      2010-жылдын апрель-июнунда  болгон  окуялардын  кесепетинен  жабыртарткан  салык төлөөчүлөргө мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында Кыр-гыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ушул Декретти кабыл алат:     1. Кыргыз  Республикасынын  аймагында  2010-жылдын  апрель-июнундаболгон окуялар салыктык максаттарда жана мамлекеттик социалдык  камсыз-дандыруу  максаттарында  ал жеткис күчтүн жагдайлары катары аныкталуучуөзгөчө кырдаалдар деп эсептелсин.     2. Төмөнкүлөр белгиленсин:     - ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында жабыр тарткан салык тө-лөөчүлөргө берилчү төлөө мөөнөтүн кийинкиге калтырууну жана/же мөөнөтүнузартуудан башка  салыктык  карыздын  суммасын  төлөө мөөнөтүн өзгөртүүбанктын кепилдиги менен гана ишке ашырылат;     - жер пайдалануучу ал жеткис күчтүн жагдайынын натыйжасында  мате-риалдык зыян тарткан учурларда жергиликтүү кењештер айыл чарба жерлери,үй жанындагы, бакча, бак-огород жер участоктору жана айыл чарбалык эмесбагыттагы  жерлер боюнча жер салыгын төлөөдөн толук же жарым-жартылай 3жылга чейинки мөөнөткө бошотууга укуктуу;     - ал  жеткис күчтүн кесепетинен жабыр тарткан салык төлөөчүлөр ал-ган материалдык жардамга киреше салыгы салынбайт;     - табигый  кырсыкка,  өрткө,  өзгөчө  кырдаалдарга  жана ал жеткискүчтүн жагдайларына туш болуунун натыйжасында ден соолукка  келтирилгензыяндын  жана  материалдык  зыяндын  ордун  толтурууга байланыштуу жекеадамдарга көрсөтүлүүчү материалдык жардамдын суммасы үчүн  Кыргыз  Рес-публикасынын Социалдык фондуна камсыздандыруу төгүмдөрү эсептелбейт.     3. Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары  ушул  Дек-ретке карама-каршы келбеген бөлүгүндө колдонулаары белгиленсин.     4. Бул Декрет 2010-жылдын 7-апрелинен тартып күчүнө кирет.      Кыргыз Республикасынын     Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы                      Р.Отунбаева