Закон КР от 12 мая 2011 года № 22» О ратификации Договора об обращении в Суд Евразийского экономического сообщества хозяйствующих субъектов по спорам в рамках Таможенного союза и особенностях судопроизводства по ним, подписанного 9 декабря 2010 года в городе Москва»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 12-майы № 22
Москва шаарында 2010-жылдын 9-декабрында кол
коюлган Бажы союзунун алкагында талаш-тартыш
боюнча чарбакер субъекттердин Евразия экономикалык
коомдоштугунун сотуна кайрылуусу жөнүндө келишимди
ратификациялоо жана ал боюнча сот өндүрүшүнүн
өзгөчөлүктөрү жөнүндө
1-берене.
Москва шаарында 2010-жылдын 9-декабрында кол коюлган Бажы союзунун алкагында талаш-тартыш боюнча чарбакер субъекттердин Евразия экономикалык коомдоштугунун сотуна кайрылуусу жана ал боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү жөнүндө келишим ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги көрсөтүлгөн келишимдин күчүнө киришине Евразия экономикалык коомдоштугунун Интеграциялык комитети болуп эсептелген депозитарийге зарыл ички мамлекеттик жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө кабардар кылсын.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |