Закон КР от 16 мая 2011 года № 24 «О ратификации Соглашения о финансировании по проекту»Развитие сектора энергетики«между Кыргызской Республикой и Азиатским Банком Развития, подписанного 8 декабря 2010 года в городе Бишкек»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2011-жылдын 16-майы № 24
Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу
1-берене.
Бишкек шаарында 2010-жылдын 8-декабрында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия Өнүктүрүү Банкынын ортосундагы "Энергетика секторун өнүктүрүү" долбоору боюнча каржылоо жөнүндө Макулдашуу ратификациялансын.
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Азия Өнүктүрүү Банкына көрсөтүлгөн Макулдашуу күчүнө кириши үчүн мамлекет ичиндеги зарыл болгон жол-жоболорду Кыргыз Республикасы аткаргандыгы жөнүндө билдирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
Р. Отунбаева |