ПостановлениеДействует

Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 8 апреля 2014 года № 55 «Об утверждении схем и границ избирательных участков по выборам депутатов Толойконского айылного кенеша Кара-Суйского района Ошской области, назначенных на 18 мая 2014 года»

Редакцияот 08.04.2014
Скачать .docx
Этот документ есть на русском языкеРусский
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ

ТОКТОМ

2014-жылдын 8-апрели № 55

2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемаларын жана чек араларын бекитүү жөнүндө

Ош облусундагы Кара-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын 2014-жылдын 4-апрелиндеги № 27 чечиминин негизинде шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары боюнча сунушуна жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүндөгү 2-, 4-, 5-пункттарын, 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3-пунктуна, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2014-жылдын 18-майына дайындалган Кыргыз Республикасынын Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо боюнча шайлоо участкаларынын схемалары жана чек аралары бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жарыялансын.

3. Бул токтомдун аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси Б.Т.Бейшенкуловго жүктөлсүн.

 

Төрага

Т. Абдраимов

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Шайлоо жана референдум

өткөрүү боюнча борбордук

комиссиясынын 2014-жылдын

8-апрелиндеги № 55 токтомуна тиркеме

Ош облусундагы Кара-Суу районунун Төлөйкөн айылдык кеңешинин шайлоо участкаларынын ЧЕК АРАЛАРЫ

 

№

УШК №

УШКнын аталышы

Шайлоо участкаларынын чек аралары

Шайлоочулардын саны

1

№ 5243

Озгур

Озгур айылы толугу менен кирет

1065

2

№ 5244

Телөйкөн

Төлөйкөн айылы толугу менен кирет

2490

3

№ 5245

Учар

Учар айылынын Сатиев, Акчалов, Асаев, Жаңы-Учар, Эрматов көчөлөрү

2133

4

№ 5246

Кыргызстан

Кыргызстан айылы толугу менен, Жаңы-Коргон айылы

2005

5

№ 5247

Дыйкан-Кыштак-1

Дыйкан-Кыштак айылынын Интернациональная көчөсүнүн Полевая көчөсүнө чейин, Амир Темур, Ала-Тоо, Тоголок Молдо, Соң-Көл, Темирязев, Пахтабад, Х.Салиева көчөлөрү толугу менен кирет

1712

6

№ 5248

Дыйкан-Кыштак-2

Дыйкан-Кыштак айылынын Полевая көчөсү Амир Темур көчөсүнө чейин, Ысык-Көл, Жаңы-Чек көчөлөрү толугу менен кирет

1847

7

№ 5513

Дыйкан-Кыштак-3

Дыйкан-Кыштак айылынын Синицина, Макаренко, Достук, Ноокатская, Мирная, Ферганская, Юбилейная көчөлөрү, Тулейкенская чакан көчөсү кирет

1151

8

№ 5550

Жапалак

Саматова, Жээналиева, Калмат, ДЭУ-21, Абылкасымов, Жапалак, Эски Коргон көчөлөрү кирет

1392